Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр

Scan the qr code to link to this page

Hadith
Explanation
View Translations
Хадистин пайдалары
Categories
More ...
Усмандын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр".
Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган.

Explanation

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын абзели, Аллахтын алдында даражасы бийиги - Куранды окуганды, жаттаганды, кыраат кылганды, түшүнгөндү, чечмелегенди үйрөнүп, анан өзү билген Куран илимин башка бирөөлөргө үйрөтүп, өзү да аны иш жүзүндө аткарып амал кылганы деп баяндаган.

Хадистин пайдалары

  1. Куран шарапаттуулугу жана сөздөрдүн эң жакшысы экендиги айтылган, анткени ал Аллахтын сөзү.
  2. Таалим алуучулардын эң жакшысы - алган илими өзүндө гана чектелип калбай башкаларга да үйрөткөн адамдар.
  3. Куранды үйрөнүү жана үйрөтүү - аны окууну, маанисин түшүнүүнү жана өкүмдөрүнө амал кылууну камтыйт.

Categories

Successfully sent!