?Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот...

Scan the qr code to link to this page

Hadith
Explanation
View Translations
Хадистин пайдалары
Categories
More ...
Абдулла ибн Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».
Хасан (жакшы) - Абу Дауд жазып калтырган.

Explanation

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Куранды жакшы окуган жана жаттаган ошондой эле анын өкүмдөрүнө амал кылган адам бейишке киргенде ага: «Бул дүйнөдө Куранды ой жүгүртүү жана шашпай окуган сыяктуу азыр да Куран оку жана аны окуу менен бейиштин даражаларына көтөрүл. Сенин даражаң сен окуган акыркы аятта болот» - деп айтылат.

Хадистин пайдалары

  1. Кыяматтагы жаза жана сыйлыктар - иш-аракеттердин санына жана сапатына жараша болот.
  2. Куранды окууга, аны так билүүгө, жаттоого, ой жүгүртүүгө жана ага ылайык амал кылууга Пайгамбарыбыз үндөөдө.
  3. Бейиштин көптөгөн даражалары бар. Куран ээлери эң жогорку даражаларга жетет.

Categories

Successfully sent!